Размер шрифта
-
+

Адамдын Асыл ойлору - стр. 17

* * *

Адамдар эки колун таза күтүш керек, анткени көңүлдүн буйругу менен адамдын эки колу ар кандай ыпылас иштерди жасайт.


* * *

Рамис Рыскуловдун ырларын окуганда чоң дайра, мелмилдеп жаткан өрөөн, албуут жаштык, өлбөс өмүр, алдыдагы мейкиндер ачылат. Анын ыры чоң майрам, шатыра-шатмандык ачылат.

* * *

Өмүрүң жоголгон күнү жер үстүндө сени жоктогон

жетимдиктин үнү угулду – ал кошок.


* * *

Поэзия адамдарга өлбөстүктүн шапатасын чачып турат, өлбөстүк сенин өмүрүңдү ырга салып турат, ал ырдан сенин назик шылдырын күүсү жаңырып турат.


* * *

Чыныгы осуят кийинки муундар аткарган осуят, жалган осуят. Кагазда калып, адам аткарбаган осуят, жок осуят.


* * *

Байлыкты акылмандуулук түзүп турат, акылмандуулук кадимки эле жөнөкөйлүктөн турат.


* * *

Китеп – бул турмуш, турмуш да китеп. Чыныгы турмуш– жазылган китеп. Унутулган окуялар качандыр бир заманда жазылып, адамдар окубай унутулган китеп.


* * *

Уурданып түн жарымында жасалган дабыш шектүү дабыш. Эмгектен жаралган дабыш, бир жаңылык жаратып жаткан дабыш.


* * *

Самаган нерсеңи түшүңдө көрүп, өңүңдө ишке ашса, ал чоң кубанычтын белгиси.


* * *

Күн кечтеп баратат, өмүрүбүз да кечки күн сыяктуу өтүп баратат. Баары өтүп баратат.


* * *

Ыр жазгандар өтө көп болуп жатат, ыр менен даңктуу болом дегендер да, көп болуп жатат, армандуу жагы жүрөктү толкуткан чыныгы акындар аз болуп жатат.


* * *

Ким эгер кыямат-кайым иш жасаса, ага кайра кыяматтык менен жооп берилсе, ал жерде эң жаман кыямат кайым иш болот.


* * *

Жалкоолук бекерчиликти чакырат, бекерчилик жакырчылыкты чакырат.


* * *


Үйдөгү кайгы- капа түз эле эшикке чыгып кетпейт. Ал үй-бүлөнүн жүрөгүн аралап кеткен кара так.


* * *


Эски, өзүмчүл бийлик кетет, жаңы адилет бийлик келет. Демек, жаманчылык кетип, жакшылык келет.


* * *

Күйөөсү жок аял балта менен отун жарат.


Аялы жок эркек казан-аягын калдыратып башкарат.


* * *


Таң агарып жылдыздар суюла баштады, жылдар өтүп кайрат кача баштады. Мезгил денедеги асыл жаштыктын жылдыздарын бир жакка алып кете баштады…


* * *


«Мен иштеп жатам, бош кетпей артыма бир нерсени калтырайын», – деп жатам. Демек, мен жашап жатам.


* * *


Жүрөктөгү сүйүүнү акыл жана көз жаратат. Анын жашоо жолун өзүңөр жана жашоо турмушуңар таразалайт.


* * *

Бирөөнү «сүйөм» деп айтыш өтө оор. Ошол үчүн ага бе-рилгениң өзүңүн адеп-ахылагыңан жана жан-дүйнөңдөн көрүнүп турсун.


* * *

Кызганчаактык бул жаман көрүнүш, ошону бел туткан жаштар көп нерседен кур жалак калат.


* * *

Жакшы түгөйлөр оң кол менен сол кол сыяктуу. Экөө бири-бирин колдоп жүрүп отуруп, бул өмүрдө бактылуу жашоого жолугат.


* * *

Кимди сүйсөң ошого бакыт алып кел, аны ошол үчүн сүйгөнсүң.

Страница 17