Адамдын Асыл ойлору - стр. 16
* * *
Тулпар оор жолдо сыналат.Баатырдык кыйын кезде сыналат.Адилеттик үчүн аттанып, кайраты кайрылган эрдик түрмөнүн ичинде сыналат.
* * *
Ынак эки жашты бириктирген бир нерсе бар – ал сүйүү.
* * *
Баардык жаштар «бактылуу болсок» деп үйлөнүшөт. Анда аларга бактысыздык кайдан жармашып алган?
* * *
Тунук суудан адамдын жүзү көрүнсө,баш кошкон эки жардын мамилесинен сүйүүнүн өңү көрүнүп жатабы?.
* * *
Бекем сүйүү жүрөгүңдө болсун, өкүнүчүң сыртыңда болсун. Жүрөгүңдөгү нерсени эч ким жууп сала албайт. Сыртыңдагы нерсени күбүп салсаң болот.
* * *
Эки жаштын ортосунда кызганчаактык көбөйсө, ал жаман жагына айланышы мүмкүн. Жаштар ошондон этият болгула!
* * *
Узагандардын саны арбып баратат. Улам-улам ошолордун карааны суюулуп баратат.
* * *
Жагымдуу нерсе болот. Жагымсыз нерсе да болот. Экөөнүн ортосунда айырма чоң болот.
* * *
Байлар жөнүндө сүйлөп жардылар жөнүндө сүйлөбөдүк, байлар ошол жардылардын эмгеги менен байыганын да сүйлөбөдүк,.Өлкөбүздө байлар өтө аз, жардылар өтө көп экенин да сүйлөбөдүк, элибиздин байлыгын ошол жардылар түзгөнүн да такыр сүйлөбөдүк.
* * *
Терезеден кирген желден эшик ачылат, элге жакшылык кылсаң, көп адамга жакшылыктын эшиги ачылат.
* * *
Ал жараткан кубаныч менин жүрөгүмө жетти. Мендеги кубаныч башкаларга жетти.
* * *
Жан дүйнөсү таза адам майда пенделерден баары бир улук болгон. Аны улуулукка көтөргөн багы эле тазалык болгон.
* * *
Улуу генийлердин артынан адамдар ээрчиген анткени адамдарды ээрчите турган жакшы касиеттер болгон.
* * *
Акылдуу болуп байлыкты түзө билсең ал дагы бир жакшы жөндөм. Ошол ишиң сени жакырлыктан коргогон.
* * *
Адамдын жаштыгы керемет, ал жашооңдо бир гана жолу өмүр сүрүшүң керемет.
* * *
Сулууну бир карап өт.
Бышып келаткан эгинди бир карап өт.
Байгеге чабылчу жел жетпес, аргымакты бир карап өт.
Баса улгайып бараткан өңүңдү да, күзгүдөн бир карап өт.
* * *
Өмүр бою кара жанын карч уруп келген адам дүйнөдөн кайтаарда бир сөз айтты:
– Чарчадым, эми тынч гана уктайын!.
* * *
Өзүңө каалаган бакытты, башкаларга кааласаң жакшы болот, Башка адамдар бактылуу болсо, аларга да жакшы болот. Сен тааныбаган адамдар бактылуу болсо, жалпы эл бактылуу болот.
* * *
Карылыктан деле коркпойлу, ал келе турган нерсе, өлүмдөн деле коркпойлу, ал боло турган нерсе, аягында карылык деле өлүм- өмүр баары өтүп кетүүчү нерсе.
* * *
Кыштакта каралбай калган үйдү аядым, ал үйдү таштап кеткен адамды аядым, ал адамды батырбай кууп жиберген туугандарды аядым.
* * *
Бирөө менден, – «Бакыт эмне?» – деп сурады.
Жооп: – «Бирөөгө жакшылык чачканың бакыт, өтүп жаткан өмүрүң бакыт, ошол өмүргө таштаган эмгектеги, байлыгың – бакыт».