Размер шрифта
-
+

Бабалардын жанырыгы - стр. 49

Зулайка Тагайды аянычтуу карап турду да:

– Мейли ошондой эле дей берейин. Ал агамын баласы болуп менин тарбиямда өсө берсин. Анан сиз бат эле келесизби?

– Кеткен бойдон келбей калмак белем, сөзсүз келем балким, сени да Ала Тоого ала кетеермин

– Аны байкайлы,-деди Зулайка Тагай бийге.

Зулайка бийге белекке деп сонун канжар, бат атма мылтыкты, ошондой эле аябай сонун келиштире сайылган бир нече жүз аарчы, жана башка майда барат оокаттарды берди. Мунун баары эстүү аял мени дайыма унутпай жүрсүн деген белги эле. Бийдин өңүнөн ыраазы болгон жылуулук төгүлүп кубанычка батып турду.

Айланага күздүн айы жаңы башталган эле. Келгиндер асмандан муңдуу үн салып түштүк тарапка сапар тартып учуп өтүп жаткан. Алардын коштошуу үнү чар тарапка угулуп, пенделер дагы бир сонун жайдын кеткенин арман менен эскерип турушту. Түштүктүн ысыгы башталып, али күчүнөн кайтпай турду.

Баш кошкондор ажырашмай болду. Тагай бий улуу өкүмдар жана ордонун адамдары менен коштошуп жатты:

Алар:

– Дагы келип турсаңыз экен.

– Биздин кыргыз туугандарга салам айтыңыз.

– Сапарыңыз байсалдуу болсун! Элиңизди ордого каршы алып чыкпаңыз, антсеңиз өмүрүңүз опурталдуу болуп калат.

– Жакшы барыңыз.

– Өзүңөр да жакшы калгыла силердин сыйыңарга ырахмат.

Дарбазадан ары Тагай бийди ээрчип Зулайка кошо барды. Аял чыдай албай айтты:

– Кайра келесизби?

– Сөзсүз келем сени таштасам да баланы кантип таштайм.

– Анда жолуңуз болсун!

– Өзүңө кара аман-эсен төрөп ал. Денеңе зыян болот оор нерсе көтөрбө! Ар дайыма жылуу жүр. Биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм, кыргызда Манас баатыр болгон. Эл чабылып, Каныкей эне төркүнүнө качып барып, анын уулу Семетей ошол таякелеринде өскөн. Качан он экиге келгенде ал ата конушун билип, ошол тарапка аттанган. Дагы айтам баланын атын Карачоро койгун. Кыз болсо өзүң бил. Сенин ата-тегиң кыргыз, болгондо да бийдин уулусуң деп айт!

– Макул айтам,-деп Зулайка Тагай бийди аянычтуу карады. Аялдын көзүнөн эки мончок жаш сыгыла агылып жерге түштү.

Тагай бий жана анын жигиттери аттарын камчылап, чоң сапарга аттанышты. Аттардын туягынын дүбүртү айланага угулуп турду. Зулайка атчан кетип бараткандарды телмирип карап турат. Атчандардын арасында Тагай бий бурулуп артын карады; бактын түбүндө ак жоолук салынып, бир аял турат. Ал жоолугун алып булгалады. Бул тирүүлүктө жолугабызбы же, жолукпайбызбы деген жышаана болчу. Экөө тең бири-бирин карап аянычка батып турат.

Ошентип бий кеткенине эки айдан ашканда ажарлуу Зулайка көз жармай болду. Ургаачы тынсызданат деги эмне төрөйм, кызбы же эркекпи? Эркек болсо баласын чоңойтуп Ала Тоого ата-журтуна кеткиси келди. Ушул жерде ысыкта какталып, тургусу келбеди. Андан көрө балдарын багып, боз үйүнүн жүгүн ат, өгүзгө жүктөп, тоо-талаада бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөн турмушта жашай бергиси келди. Зулайканы эки аял төрөттү. Төрөтү бир аз оор болду анткени менен аман-эсен төрөп алды. Атасы айткандай эркек экен. Кудайга тобо! Артыбызда аталар атын унуттурбай тукум улаар бала калат. Баланын атын Тагай бий айткандай кудайга жалынып Карачоро деп койду. Ошентип бала бирде ыйлап, бирде күлүп, мезгилдин өтүшү менен чоңоё берди.

Страница 49