Размер шрифта
-
+

Бабалардын жанырыгы - стр. 33

Эки тарап бул кармаштан кийин бир азга тынчтанып калышты. Калмак тараптан ким чыгаар экен деп күтүп жатышты. Алар чогулуп бир азга аңгемелешти. Анан калмак тараптан Кара аргымагын минип Эрдене баатырдын өзү чыкты. Жарыктык Эрдене баатырдын Кара аргымагы бир укмуш кулпунуп күчкө келип турган чагы экен. Жылкы жаныбар ар бир адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Жал куйругу төгүлүп, кара жүндөрү жылт-жулт этип чагылып, аябай чоң буудан экен. Эрдене баатырдын кийинген зооту бир укмуш. Ал мактангандай эле бар окшойт. Калмак тарап «Эрденеге ким чыгаар экен»– деп күтүп жатты. Эки-үч баатыр «Мен чыгам» -деп үн салды.

Долон бий:

– Силер чыкмак белеңер Эрдене чыккандан кийин мен чыгам.

Ошентип Акбоз атын минип найза сайышка Долон бий чыкты. Эрдене баатырга караганда Долонбийдин кийгени өтө жупуну эле. Эрдененин боюу бийик, бирок эмнегендир копол көрүнөт. Долон бий узун бойлуу денеси бүт тарамыш сөөк-саактуу, боюу чымыр тартып, кармаганын кайыштыра кармачудай түрү бар. Эр сайыш башталды. Булар кезектешип туруп бербей эки бөлүнүп бир-бирин качырып келип сайышууга өттү. Калмак баатыры найзасын Долон бийдин жүрөгүнө багыттап уруп өтмөй болду. Кыргыз баатыры калмактын найзасын чокмор менен бөлө чаап түз эле кылычташууга өттү. Эки баатыр кылыч менен качырыша уруп, бир-бирине алдырбай турду. Эрдененин бара-бара алы кетип баратканын Долон бий түшүнүп, эми тартынбай кайрат менен чабуулга өтсө калмактын сези кетип калаарын бий билип калды. Долон бийдин соккусун калмак калкан менен коргонуп, душманды өзүнө жакын жолотпойт. Калмак чокмор урганга өтө ыктуу экен. Эки жолу Долон баатырды оң жак карууга уруп өттү эле анын көзүнөн от чачырап айласы кете түштү. Долон баатыр эки-үч жолу калмактын чокморун калканын тосо коюп коргонууга өттү. Долон оңтоюу келсе калмакты кылычтап өтүүгө аракетинде болду. Алар бир-бирине оңой менен алдырбай коргонууга өтүп жатты. Калмак кылычын жогору көтөрүп кыргыз баатырын колго чабууга өттү эле ошол кезде Долон бий албарс кылычын калмактын оң колуна карай күч менен кайраттуу шилтеп калды. Калмак колун тартып алууга шаасы жетпей калды. Калмактын колунан кылычы ыргып, алды жагы кызыл-жаян болуп, катуу онтоп армандуу үн салып жиберип ал атын калмак кошууну тарапка карай бурду аргымак ээсинин оюун түшүнүп, «чу» кошуунга карай кирип жоголду. Далан бий жерди карады жерде калмактын кылычы анын жанында кан болгон беш манжасы жатканын бийдин кыраакы көзү көрө койду. Эки тарап эки баатырга эмне болгонун такыр түшүнбөй жатышты. Долон бий Акбозун чуратып кыргыз кошууну жакка кирип кетти. Салгылаш ушуну менен бүттү окшойт. Калмактар келген жагына карай бурулуп кайтып жатты. Көпкөн Эрдененени кылыч, найза кармаган беш манжа колу жок кылынганы белгилүү болуп калды.

Страница 33