Бабалардын жанырыгы - стр. 30
Аваат, Аратай, Бөлөкбай жигиттери менен коргоп кетип баратты. Шайдоот жигиттер көчтү узатып, жолдо калмактар менен эки-үч жолу кагылышуу болуп, жоону кылычтап, кууп салышты. Көчмөндөр эчен сууну кечип бел ашып, таш басып, көптөгөн ашууну артка калтырып, өздөрү самап сагынып, ата бабасы өсүп, киндик каны тамган жерине келишти. Көчүп келген кыргыздар ээн-эркин калмак чапынынан алыс жашашты. Бирок Темүчүндүн черүүсү улам берилеген сайын калмактар Теңир Тоого жакындай баштады. Монголдордн сүрүлгөн калмактар менен кыргыздардын ортосунда көп кагылышуулар болду.
ДОЛОН БИЙ
Ошол бир жылдары Рыскандын аялынын боюна бүтүп, ай күнүнө жетип, бактылуу күн келип, эркек төрөйт. Карыялар азан чакырып баланын атын Долон койду. Бат эле закымдап дагы эки жыл өтүп, эне дагы эркек төрөйт. Анын атын Долондун иниси деп Добул атаптыр. Рыскан эки балалуу болдум деп эл чакырып, чоң той бериптир. Акылдуу эл башкарган адамдын балдары эмеспи, экөө тең эс-акылдуу болуп чоңоюшту. Атасы сыяктуу алар да эл башында бий болуп, Долонбий, Домбулбий болуп санжыра-тарыхта калышты.
***
Баягы санжырачы карыянын Долонбий жөнүндө дагы бир санжыраны айтканы эсимде. Долонбий элүүгө чыкканча балалуу болбой жылдызы төмөн түшүп кейип жүргөн экен. Анын келишимдүү жылдыздуу эки аялы болуптур. Жаратканым Долондун муң-зарын уктубу, эки аялы тең эркек бала төрөп салды. Бирок кичи аялы кыз кезинен эле оорулу болуп, ал төрөттү көтөрө албай, каза болуп калат. Өлүмгө айла жок экен эмне кылат. Тагдырдын ошол катаала соккусуна баары көнөт. Кичүү аялынын баласын улуу аялы кың эттирбей багып алып, улуу балага оң эмчегин, күчүүсүнө сол эмчегин эмизип жүрдү. Улуу балага Абыл, кичүүсүнө экөөнүн атын уйкаштырып Кабыл деп атады. Абыл менен Кабыл чоңоюп келатты. Абыл ак жүздүү жаадыраган ичинде кири жок, ачык кол берешен жигит эле. Аны «Акуул»– деп аташты. Кабылдын өңү жаратылышынан куу келип, ошого байланыштуу митаам, өзүмчүл, мактанчаак жайы бар эле. Аны эл «Куууул»– деп аташты. Агуул эненин оң эмчегин эмгендиктен анын тукумдарын «оң», ал эми Кубул эненин сол эмчегин эмгендиктен анын тукумдарын «сол» деп аталып калды. Агуул башынан мырза чалыш, төрө пейил, сылык сыпаа, ачык кол, чынчыл жигит болуптур. Ал эми Кубул колдон суурулган, шумпай чалыш адам экен.
Карыя мага алтын шилекейин чачыратып ушуларды көп жолу баяндап берген эле:
– Балам билбейм, ушундай болгонбу же башкача болгонбу аны ким билет. Мен бул уламаны бала чагымда бир чоң атаман уккам. Ал мага ошол ата-тегиңди унутпай жүр, буларды жанагы ак кагазыңа жазып ал, – деп айтып берген эле. Карыя өзүнүн сөзүн ыр менен аяктаган: