Бабалардын жанырыгы - стр. 26
Абысыны:
– Аны эмне кыласың байдын денесин баштыкка салып алмак белең,ал көнүп калган бычтырып эле салбасаң үйрөнгөн адатын таштабайт, андан көрө ага билдирбей көңүл ачып жыргап жүрө бербейсиңби,-деген.
Ошондо Үржеңе: «Ким менен көңүл ачам,-деп ойлонду.-Байдын аялы деп мага бирөө жолойбу» .Ал жаш кезинде алты-жети курдай ала жипти аттаган. Бул окуя өтө жаш кезинде болгон. Үржеңе абысынынын кебин эстеп дене боюу жибип жан кумары алоолонду. Кимдир бирөө менен айрыкча жаш дене менен көңүл ачкысы келет. Бирок ким менен анын үстүнө тамакты көп ичип такыр эле толмоч тартып кеткен. Бу куракта аны эч ким карабайт, ким карамак эле. Быякта кашын ирмем моймолжуган жаш келиндер турбайбы. Үржеңе абысынына айтты:
– Сүт толгон эмчектей болуп толуп турам мени ким карамак эле.
Абысыны аны аяп:
– Карайт караганда да эң сонун жигиттер көз артат,-деди тамашалап күлүп.
– Ой,койчу кантип эле,-деди ишеңкиребей
– Мен жардам берем күтүп жүрө бер,сенин да гүлдөөчү маалың келет сенин бул боюнча таштабайм. Экөө тең катар күлүп калышты.
Ошол сүйлөшкөндөн кийин убакыт көп өтпөй, бир күнү Камбагай бай балдары менен иши чыгып кайдадыр бир тарапка кыйла күнгө жөнөп кетти. Баягы абысыны күүгүм кирип эл орунга отурганда Үржеңенин боз үйүнө башбакты:
– Үржеңе кандай атың эле айтып турат, сен сулуу үрдүн кызысың сага кантип жигиттер ашык болбойт,-деди.
Экөө тең күлүп калышты.
Анан сүйлөшүп отуруп эт жеп, кымыз ичишти
Аббысыны:
– Сага жигит табылып, кудай берди,-деди Үржеңе күлүп.
– Кандайча жигит бар бекен,-өңү жаадырай түштү,-болбойт го.
– Болот болгондо да эң сонун болот.
– Бүгүн кечинде сага тээ береги чоң алачыктагы баатырды ээрчитип келем, күтүп ал,-деди дагы күлүп.
Кечинде абысыны Үржеңеге кыргыз Мааликке дегенди ээрчитип келди.
Маалик бул кезде Монголдордун айлында бир канча жыл туруп, тилди эчак эле үйрөнүп алардын салт санаасын жакшы өздөштүргөн. Анткени ал өтө сезимдүү адам болчу. Үчөө сүттөн тартылган аракты ичип эт жешти.
– Бул ишти үчөөбүздөн башка эч ким билбесин абысыны Мааликеге кайрылды.
– Эми ишиңерди бүткөрө бергиле,-деп күлүп кетип калды.
Үржеңе ойлонду кул эмне киши эмес бекен көңүл ачса ачабыз,-деди.
Үржеңе ургаачылык кылып Маалкке кылыктанып жатты. Алар аракты дагы ичишти. Күчтүү арак ичегини аралап кетип, экөөнүн кумар оту алоолонуп күчөйт. Дагы ичишти эркектин кумары козголуп аялды кучактап төшөктүн үстүнө басып калды. Мааликке Үржеңени эмчегин бекем кармап, ак бетинен өбө баштады. Үржеңе «эмне кылсаң өзүң бил» деп тим койду. Алар ошентип ошол түнү бир жатышта. Эртеси Үржеңе дене боюу сергип желдей учуп калыптыр. Ал аягы суюк күйөөсүнүн жоктугуна кубанып: