Бабалардын жанырыгы - стр. 21
Ошол күнү кечинде басылбай согуп, шамал улам күч ала берди. Анан бирин-экин жылдыз чыгып, түн акырын көшүлүп кирип келген.
Бир күн өттү. Эртеси деле күн ачылбай айлана сургут тартып, шамал согуп турду. Сапар улап дагы бир күн өттү. Добун мерген келбеди. Алан-Коо балдары менен Кара тоо тарапты телмирип карап турат. Айрыкча эки баласы:
– Атам качан келет,-деп энесинин тынчын алды.
Айласы кеткен аял:
– Атаңар келет шашпагыла, ал кармалып жатса керек,-дейт.
Анан күйөөсүнүн аңчылыкка кетип келбей калганын Добундун туугандарына айтты.Адамдар ат минип чабагандап чер токойду, тоодогу аңчылык кылган жерди аңтарып-теңтерип карап чыгышты. Акыры чабагандар асканын бетине карга-кузугун айланып турганын көрүп, жогору Кайкы өтөккө чыгып барышса, Добун мерген аскадан кулап түшүп, башы ташка тийип, түбөлүк уйкуга кеткен денесин табышты. Адамдардын айтымында Добун мерген асканын башында уларга желе тартып жатканда ашуу тараптан катуу куюн башталып, кулап башы менен урчук ташка тийип, жарадар болуп, алы кетип, тура албай калган шекилденет.
Добун мерген буту-колун тартып, бүрүшүп жатып калыптыр. Анан суука чыдай албай байкушум жан берген шекилденет. Атчан келген чабагандар сөөктү аскадан түшүрүп, алдына өңөрүп үйүнө алып келатышты. Чабагандар чаап келип, суук кабарды Алан-Коого угузушту. Ак жуумал тарткан эстүү аялө өзүн жоготуп дендароо болуп, кайгыга бөлөнүп, жашын төгүп-төгүп ыйлап жатты. Аны үйгө алып кирип, бети-колун жууп айрандан чалап ичиришти. Жесир аял эсине келип-келбей:
–Жөлөгүмөн айрылдымбы, аны такыр көрбөй калдымбы,эми балдарды ким багат,-деди муңга батып армандана шурудай жашын тамчылата буркурап.
–Бул да болсо, тагдырдын иши кайраттан,-деп аны кармап турган аялдар сооротуп жатты.
Ошентип эки балалуу ак жуумал аял тагдырдын буйругу менен жесир кала берди.
МААЛИК ТЕКСИЗ КУЛДУН БАЯНЫ
Ошол мезгилде кыргыздар Эне Сай өзөнүнүн жанында Миң Суу деген жерде аңчылык жана мал багуу менен жашоосун өткөрүп жатышты. Бул аймакта кыргыздардын бир канча уруусу бар эле. Кыргыздарды башка элдер шибелер, же токой адамдары деп аташкан.Токой адамдары кайраттуу тартып, суукка чыдамдуу эле. Шибелер эт жеп, малдын сүтүн ичип, айрыкча бээнин сүтүн ачытып кымыз кылып азыктанышкан. Кыргыздар Кара тоодон темир казып, эритип найза, жалаңдаган курч кылыч, темир калкан менен куралданып оңой менен жеңилбеген жоокер эл болгон. Алардын асмандан түшкөн таштан (метеориттен) жасалган кылыч, калкандары жалаңдап өтө курч болгон. Аларды кымбат баалуу буюмдарга гана алмашкан. Куралдардын жасалышын катуу сыр кылып башка элдерге такыр айтпаган.