Бабалардын жанырыгы - стр. 12
Жучу:
– Ыраазыбыз силерге шибелер, курал жарагыңар менен бизге кошулгула, силерди биз коргойбуз, биз турганда силерге эч ким кол сала албайт.
Ханга кошомат кылып анын жанындагы кишилер айтып жатты:
– Ыраазыбыз шибелер.
– Алар биздин жоокерлер.
– Биз аларды коргойбуз.
Жучу жанындагы адамдарга буйрук берип, өзү жанагы келген чатырынына карай жөнөп кетти.
Эки жигит кыргыздарды чоң боз үйлөргө ээрчитип келип аларды алты-жетиден бөлүп, ар бир үйгө эшик ачып киргизип жатышты. Алардын минип келген аттарды монгол жигиттери бир тарапка жетелеп кетти. Кыргыздар жакшы жасалган чоң боз үйлөрдө отурушту. Олобектин жанында Нуркебай деген көзү ачык бар эле. Олобек ага кайрылды:
– Көзү ачыгым, булардын тагдырын далыга, жылдыздарга карап байкап көрчү келечеги эмне болоор экен.
– Байкап көрөйүн бегим мен дагы ошону ойлонуп жаттым эле.
Алар боз үйдөн тамак ичип эс алып жатып калышты. Тамагы бир укмуш экен көпчүлүгү жылкынын эттери. Дасторкондо ар түркүн жер-жемиштер жайнайт. Набат, жүзүм деги койчу кыргыздар билбеген тамак аштар. Андан башка дагы айнек ийдиштерде ар түркүн суусундуктар бар эле. Аларды ичип көрүштү эле ачуу арак экенин билишти. Ошентип элчи кыргыздар монголдордун укмуш сыйын көрүп жатышты. Минип келген жылкылары бир ишеничтүү жерде экен. Өздөрү монголдордун иштери жөнүндө сүйлөшүп киришти. Монгол ханынын баласы баатыр чалыш Жучуну көзүн эми анык көрүштү. Олебектер ушул жерден элинин тагдырын ойлоп санаага чөмүлүшөт. Кыргыз жигиттерин катуу согушка салып, «майкандаар бекен» деген ойдо болуп, ошол үчүн алардын жегени желим, ичкени ирим болуп жатты. Анткени алар бүгүнкү майданга аттанып жаткан жигиттерди өз көздөрү менен көрүшпөдүбү.
Эбак жылдыздар чыгып түн кирген болчу. Бир кезде Олобек көзү ачыкка кайрылды:
– Көзү ачыгым бул элдин тагдыры эмне болот экен?
– Бул эл далай жерди каратып алат. Далай кан агат, далай жерди майкандап талкалап жүрүп отурат.
– Алардын бийлиги көпкө созулат бекен?
– Ооба бегим көпкө созулат булар эч убакта бийликти башкаларга бербейт. Себеби булардын укум-тукуму башкарып жүрүп отурат.
Олобектер бул сөздү укканда алардын өңү жаман боло түштү.
Сөздү Единал коштоп кетти:
– Ошондой болот окшойт буларды эч бир эл күрөшүп жатып жеңе албай жатат. Бул кыргын сүргүн кайсы жерге чейин бараар экен.
Баардыгы тунжурап ойлонуп калышты.
Отургандардын арасынан бирөө айтып калды:
– Андан көрө монголдордун ичкилигин ичели келгиле,-деп чыныгы куя баштады.
Баардыгы каркыттарды эки сапар жутту эле чарчаган денеси жазылып, бойлору ымыр-чымыр боло жазылып жатты. Единал жылмайып:
– Эң бир сонун нерсе ушул жакта тура, хан бизди жакшы курал бергенибиз үчүн баарыбызды күчтүү ичкилик менен сыйлап жатат- деди.