Бабалардын баяны 2 - стр. 25
Агын суу калып алкынган.
Өмүр өтүп жаткандай,
Баарысы калат бүт калат.
А балдар сапар токтобой,
Алар кетип баратат.
Айылга жетеер кезде
Кайып ата пайда болду.
Төрт баланы карап туруп,
Жылмыңдап күлүп койду.
– Өз жер жаңы конушка,
Жеттиңерби балдарым.
Өмүрүңөр бар болсо,
Көрөсүңөр баардыгын.
Аттарды кайра бергиле,
Тайгай бийге баргыла,
Не окуя болгонун,
Баарысын айткыла!
Эки атты жетелеп,
Кайып ата жоголду.
Жуумп көздү ачканча
Ошондой иш болду.
Балдар болсо токтобой,
Түзөң менен арылады.
Ары жакта жайнаган,
Боз үйлөргө бет алды.
***
Төртөө жүрүп отуруп,
Тагай бийге келишти.
Таазим кылып жүгүнө,
Ийлип салам беришти.
Тагай бий тосуп аларды,
Отургузду жанына:
– Кана балдар келиңдер,
Не окуя болгонун
Маа кобурап бериңдер.
Улуу бала кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
– Атым Ырай болуучу,
Түпкү уругум саяк,– дейт,
Атам болгон Байыш,-дейт.
Атам өлүп калган соң,
А дүйнөгө көчкөн соң,
Менин энем Маниса,
Сулуусу эле аялдын,
Жары болду башканын,
Чыгып алды турмушка,
А мен аны жактырбай,
Нааразы болдум ушунча,
Башыма каршы болду өгөй атам,
Каршылашып дүйнөдө кайда батам,
Бараар жакты биле албай,
Сизге келдим сапарлай,
Тагай бий анда ойлонуп,
Ары бери толгонуп,
Мындай деген кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
–Тукуму болот экенсиң,
Саяк журттун алыскы,
Уруусун жойбой баланын,
Каршы болуп өгөй атаң,
Көрбөгөндү көрүпсүң.
Жашоо деген азап болот,
Баарысынан өтүпсүң.
Саяк деп аны атады,
Сапар келген ал бала,
«Саяк» деген атты алды.
Даңктуу уулум болгун,-деп
Ата берди батаны,
Өз ичинен кубана,
Тагай бий сылап сакалды,
Дагы бир уулду болдум,-деп,
Жаны анын жай алды.
–Эми сен бала сүйлө,– деп
Экинчи уулга кайрылды.
Чердейген бала ашыгып,
Чекесин улам кашынып,
Башынан өткөн тарыхты,
Бапылдап айтып кеп салды,
Кеп салганда деп салды:
– Менин атам Домо,-дейт,
Кашкардын жанындагы,
Кара Корун шаарын салган.
Уруусу анын кыпчактан,
Урумга кеткен аталып,
Узун элге кеп болгон,
Кыйла журтка даңкталып
Кылымдык шер болгон.
Атакем эл алдында,
Айдыңы чыгып көгөргөн,
Атамы сарт тукумдар,
Азгырык менен өлтүргөн.
Алтынымдан айрылып,
Ак шумкарым талпынып,
Арманданып шаңшыган.
Тигип койгон терегим,
Күү чыгарып зарланган.
Аянычтуу үнүн угуп,
Асыл жаным азаптанган.
Атакем менин дарыям,
Агыны күчтүү олуям,
Дарыям акпай солуду,
Асылыма не болду.
Канатым кайрылып,
Карааныман айрылып,
Азаптуу күнгө кабылгам,
Атаман кийин мени да,
Өлтүрүүгө камынган.
Түн жамынып билгизбей,
Туугандар мени качырган.
Ал тараптан качпасам,
Айрылмакмын бу баштан.
Ачка болуп калбайын,-деп,
Азык-түлүк артынгам.
Бал үмүттү бириктирип,
Балдар менен тең чыккам.
Ай чыкканын боолголоп,
Ала Тоого жол алдым.
Арманды да кубанычты,
Аркалады бу башым.
Өткөнүн эстеп ал улан,