Бабалардын баяны 2 - стр. 16
Баардык жерге өрт жагып,
Мойсоп келет Чынгыз хан.
Көргүлүктү көрсөтүп,
Жок кылып келет Чынгыз хан.
Акырындап айтып бүттү,
Элтерес ата баянын.
Санаркоо ойлор каптады,
Отургандын баардыгын.
Элтерес ата жомогу
Элдин баарын ойлонтот.
Каардуу душман келатат,
Капсалаңдап ойрондойт.
Чогулган эл түйшүктүү,
Чочулоо басты араны.
Этектерин күбүшүп,
Элдин баары тарады.
Убакыт такыр токтобой,
Жума өтүп күн жылган.
Баягы эле чөң дөңгө,
Баардыгы келди кайтадан.
Эл билгилер келишти,
Кенен жайып ортону.
«Калың журтпуз биз дагы
Кана эмесе ойлонолу.
Кылымдан-кылым жашаган
Кыргыз журту өтө азайган.
Табалы бир айланы,
Жоонун алдын тосууга,
Жоокерлерди чыңдайлы.
Күчүбүз такыр жетпесе,
Чынгыз ханга кошулалы.
Кырып такыр кетпесин
Кыргыз элин сактайлы».
Булуттар жамгыр төгүптүр,
Жарым жылдай өтүптүр.
Талап кылат эмнени,
Монголдон элчи келди.
Супатай баатыр баштаган,
Элчилер келди капталдан.
Конок кылып баатырды,
Кондуруп аны сыйлаган.
Баатыр анда кеп салган,
«Силерден салык албайбыз,
Арбын жигит бергиле,
Майданга аны салабыз».
Чынгыздан мээрим күтүп
Кыргыздар элчи даярдады.
Белек деген эмне экен
Берүүгө баарын камдады.
Алтын ээр токулган
Жал куйругу кап кара.
Ак боз атты тартуулашты,
Таң калыштуу байкаса.
Ошол тартуу ичинде,
Буту көзү кып-кызыл,
Кара шумкар бар эле,
Мээрими түшкөн адамдын.
Ок өтпөс темир тулга,
Асмандан түшкөн ыйык таш
Дал ошондон даярдалган.
Кесип туруп жасалган,
Адамдар карап таңданган.
Оң таптырбас атканда,
Жебеси бар жаалар.
Ок өтпөс темир тулга,
Кылыч менен найзалар.
Дагы, дагы башкалар.
Зергерлер аны камдаган.
Жалын менен сугарган.
Мыкты усталар усанган,
Даңкы ааламга тараган.
Ошол эле 1207-жылы
Жумадил баатыр баштаган,
Монголго сапар алып,
Чоң түмөн жолго аттанган.
Ал түмөндү Чынгыз хан
Эң алдыңкы сапка койгон.
Канча бир баатыр майданда,
Калың жоодо жок болгон.
Он жыл өтүп арадан,
Жоокерлер келбей калган.
Каза таап баардыгы,
Кайткыс жайга аттанган.
Ким эгерде жоодон качса,
Анын баары жок кылынган.
Беттешкен жоксуң душманга
«Качкын» айып тагылган.
Баш ийбеген жоокерлерди,
Ылдам башы алынган.
Тирүүлөй аны жылаңачтап,
Адам жеер итке ташталган.
Кан майдандан жашынып,
Качып-бозуп элге барган.
Баардык азап-тозоктун,
Бакисин журтка кабарлаган.
Арып келген качкындар,
Азаптын баарын айтышты.
Чынгыз хандын жоругу,
Чыдатпай жанга батты.
Монголдорго каршылашып,
Көтөрүлдү кыргыз эл.
Кылым самап келген эл.
Каарман эл экенин
Оңой эле жеңилбесин
Чынгыз хан да түшүндү.
Жеңилбес Супатай баатырды
Кыргызга каршы аттанты.
Эки күн болду чоң кармаш,
Чоң дайранын жээгинде.
Акыры кыргыз жеңилди,
Алы кетип бул кезде.
Калаймынды баштаган,
Карышкырдай Чынгыз хан.
Эчен эрди жайлаган,
Эркин кыргыз азайган.