Бабалардын баяны 2 - стр. 13
Ошолордун ичинде,
Санжырачы акылман.
Баардыгына каалоо тилеп,
Бакытка гана чакырган.
Белине жеткен сакалы,
Таяган эчак жүз жашты.
Элтерес деген карыя,
Мындай деген кеп айтты:
ЭЛТЕРЕС АТАНЫН БАЯНЫ
Береги биздин түштүктө
«Жажут мажут» эл экен,
Абдан тажаал эл экен
Адамдарды тирүүлөй,
Аймап-жаймап жейт экен.
Баш ийбеген элдерди,
Тирүүлөй белин сындырып,
Таштайт экен итине,
Ити аны жеп алып,
Киши жегичке айланып,
Көрсөтөт экен кордукту,
Салат тура зордукту.
Жүзү алардын курусун,
Жосунун кара түн урсун.
Ажыдаарды үйрөткөн,
Адамча баарын сүйлөткөн.
Сыйпап баарын жогокон,
Сыйкырчысы андан көп.
Кыштын күнүн жай кылып,
Жайдын күнүн кыш кылып,
Муз кылып катырып,
Жайчылары мындан көп.
Асмандап учкан көкөлөп
Түлкү, казды кара өрдөк,
Аңдып байкап жыт билген,
Кийикти күлүк кайберен.
Чек арасын кайтарткан,
Ар дайыма сак жаткан
Жамагатка таанылган,
Жалгыз көздүү дөөсү көп,
Найза, кылыч кармаган,
Балта чабаар мындан көп,
Атчан келген бааатырдан,
Жөө жүргөнү мындан көп.
Бир өгүздүн чоң санын,
Бир эле аймап жеп алат,
Ачуусу келип каарданса,
Алты күнү кармашат.
Алышкан менен баары бир,
Адамдын алы жете албайт.
Жоокерлерин курап алып,
Жолдогунун кыйратат.
Баш ийбеген элдердин,
Башын алып келатат.
Алдуулардын далайын,
Азапка салып келатат.
Түштүк жактан ошентип,
Сел каптап келатат.
Сезимдүү назик жандардын,
Сезин алып келатат.
«Жажут-мажут» эл экен.
Каптап кетсе сел экен.
Кары-жашты куйкалап,
Каарып жүргөн өрт экен.
Ошол өрттөн аман-эсен,
Кыргыз журту калабы?
Ал болбосо алы кетип,
Ар кай жакка качабы?
«Жажут-Мажут» эл экен
Бүт баардыгын караткан.
Алып-жулуп баардыгын,
Алдыга карай бараткан.
Адамдын алы жетпеген,
Учу кыйры кеп-кенен,
Кытайлар менен алышып,
Келе жатат кармашып.
«Жажут-Мажут» ал элден,
Чынгыз хан деген чыгыптыр,
Ошол элге башчы адам,
Далайы менен кармашкан,
Өзүнчө эле бир арстан.
Өз аты экен Темирчи,
Чоң курултай башкарып,
Анын жаны тыныптыр,
Чынгыз хан деп аталып.
Бир кары сурайт кеп салып:
– Чынгыз хан деген ким болгон?
Маанилүү тура баяның
Маек курчу ошондон.
Элтерес кары кеп салды,
Кеп салганда деп салды.
Мындай баян улады.
– Ошол Монгол ичинде,
Кыят тукумунан таралган
Курлас уруусу аталган.
«Жараткан» деп, өмүр сүрүп,
Жылдыз деген хан жашаган
Анын небереси Дайын Баян,
Кийин ошол хан шайланган.
Ошол эле уруудан,
Караганга ай чырайлуу,
Абдан эле акылдуу,
Алангү деген кыз болгон,
Ай периге окшогон.
Далай жигит көз салган,
Бирөө дагы ала албаган.
Дайын Баян ошого үйлөнөт,
Чоң той берип эл күтөт.
Дайын Баян мыкты жигит,
Уруусуна чеп болгон.
Монгол калкын бириктирип,
Андай жигит болбогон.
Улам-улам бириге,
Монгол калкы чыңалды.
Бытырап бирикпес,
Башка урууну чаап алды.
Кайрат күчтү чыңаган,