Размер шрифта
-
+

Адамдын Асыл ойлору - стр. 33

* * *

Соодагер адам акчасынын артынан чуркап жүрүп, өмүрдүн кандай өткөнүн билбей калат. Бирок өмүрүнүн акырында жалаң акча үчүн чуркап жүргөнүн билип калат.


* * *

Туулган күн менен өлгөн күндүн ортосу бир күндүк эле жол, күндүн чыкканы, батканы да бир күндүк эле жол, шайтан көпөлөктүн жаралып, анын бат эле өлгөнү да, бир күндүк жол.


* * *


Акын түн ичинде көлчүктү көрдү. Анан көлчүктөгү айды көрдү. Таланты көлчүктөгү айды ыр кылып жаздырды. Адамдар ал китептен өлбөс талантты көрдү.


* * *

Жылдыздар өтө ыраак. Бирок анын сүймөнчүктүү жарык шооласы, биздин жүрөгүбүзгө өтө жап-жакын. Демек ал, ыраак эмес.

* * *

Ордун тапкан адам бар, ордун таппаган, адам бар. Ордун тапкан адам, өз жолунда бараткан жолочуга окшош. Ордун таппаган адам, өз жолун таба албай бороондо буюгуп, адашкан пендеге окшош.

* * *

Суу барбаган жерде жалгыз дарак өсүп турат. Ал айтты:


– «Карагылачы, бул жерде да жашоо уланып турат. Мени карагылачы», – дейт.


* * *


Армандуу үйдүн суусу да ачуу.


* * *

Руху жок адамды көрсөк, тамыры жок дарак ойго түшөт,. Шамал катуу болгондо дарак кулап түшөт.


* * *

Оорулуу адам баласына:

– «Карагым жалгызсың. Элиңе жөлөк, адам болуп өс, элиңе таянсаң, сен да жалгыз калбайсың», – деп акыркы керээз осуятын калтырып жатты.


* * *


Адамдын өмүрүндө эмне арман, эмне кубаныч экенин көп жыл түрмөдө жашаган адам билет. Ал билбесе өтө узак жашка барган адам билет. Ал билбесе ак чач акылман сөзсүз билет.


* * *

Байдын күтүрөгөн байлыгы кедейге керек эмес, кедейдин кедейлиги байга керек эмес. Анткени экөө эки башка шартта жашайт. Экөө эки башка адам.

* * *

Жакшыны жамандан ажыратыш керек, чоңду кичинеден бөлүш керек. Баарын бири-биринен алыстатып оорлуна коюуш керек.


* * *


Курсактын өтө ток болгонунан, ачкараак болгону жакшы. Көңүлдүн өтө шат болгонунан, олуттуу болгону жакшы.


* * *

Көп тууганың болуп жардамы тийбесе, алардын деле кереги жок. Байлыгың болуп, жыргалын көрбөй өтүп баратсаң, анча байлыктын деле кереги жок.


* * *

Ар бир пенде жаштыгын жалындуу эмгектин күчү менен сугарса, ал оңой менен картайбайт.


* * *

Сен кайсы убакта жазсаң, жаза бер. Айрыкча түнкү кезде жаз. Жазуучунун жан досу – жалгыздык..


* * *

Жылдыздарга чейинки жол, өтө алыс. Ага жол салып, барган адамдар өтө бактылуу. Анткени ал, эч бир адам басып өтпөгөн жолду багынтканы менен бактылуу.


* * *

Кээ бир адамдар бири-бирин такыр түшүнө алышпайт. Алардын бирөө жолдун башында турса, экинчиси жолдун аягында турат.


* * *

Күндүн кыскарганы, катаал кыштын келатканы. Чоң байдын сараңданып пейлинин тарышы ага жакырчылыктын келатканы.


* * *

Бирөөгө карызга бермей да бар, аны кайра сурамай да бар. Адам өтө жарды болсо, аны соопчулук үчүн албай коймогу да бар.

Страница 33