Размер шрифта
-
+

Адамдын Асыл ойлору - стр. 29


* * *

Оор күндөргө кайрат – таяныч, капага кубаныч-таяныч, астыңкы күндөргө – үмүт таяныч.


* * *

Кышында түн узун, күн кыска. Досуң менен коштошуп жатканда жол кыска, мезгил узак, а өмүр эмнеге кыска?


* * *

Улуу адамдын өзүн сыйлабасак да, улуулугун сыйлоого туура келет. Таланттуу адамдын өзүн сыйлабасак да, талантын сыйлоого туура келет.


* * *

Түнкү жарык күндүзгү жарыктан күчтүүрөөк. Анткени ар бир жанган жарык караңгыда даана көзгө көрүнөт. Күндүзгү айааламды жарык кылып, күн турат. Жанган жарыктар анын далдаасында калат. Ошондой эле кээ бир майда таланттар чоң таланттын далдаасында көрүнбөй калат.


* * *

Түнкү жолочу чыракты көрдү, ал ошол жерге барып түнөйт.

Жетим бала күндүзү үйдөн куулуп чыкты, ага күйгөн чырак жок кайда барып түнөйт?


* * *

Бийлик турат, бийликтин артында байлык турат, жардылык турат, анын артында жоксуздук турат.


* * *

Амалдуу адамдын көп амалы болот. Анын баарын ишке ашырам деп, карып кетет. Жакшы адамдын бир эле амалы болот. Көп амал ишке ашкыча бир амал тез эле ишке ашып кетет.


* * *


Көп адам окуган китеп, бактылуу чыгарма. Бир да адам окубаган китеп, армандуу чыгарма.


* * *

Акмактын бир сөзү узун роман, куудулдун бир сөзү адамды күлкүгө бологон кыска юмор.


* * *

Улуу кишиге салам айтып өт, көңүлүн эргүү каптасын, ажал алдындагы адамга жакшы сөз айтып өт, көңүлү дагы сенден калбасын.


* * *

Суу акпай калган арыкты көрдүк, балалуу болбой калган эрди-катынды көрдүк, ыр жазып жүрүп акын болбой калган адамды көрдүк.

* * *

Бир жерде жалгыз жетекчи эл үчүн иштеп жатат. Башка бир жерде эл жалгыз жетекчи үчүн иштеп жатат. Бирок турмуш билинбей эле өтүп жатат.


* * *

Чыныгы сүйүүнүн арасында кырк насыят жатат. Аны табыщмагын сүйүшкөндөр гана жандырып жатат.


* * *

Сүйүү бул эки жашты жолугууга чакырып туруп алат. Анын эң жакшы жагы ошол. Анан алар түбөлүккө ажыраша албай калат. Негизги байлык ошол.


* * *

Сүйүү жүрөктө жаралып анан турмушка аралашат. Ал жашоодо кандай ишке ашат, ал эки жаштын келечеги.


* * *

Сүйүү бул табышмактуу нерсе, анын баардык сыры ошондо жатат, Анын табышмагын эки жаш чечет жана жандырат.


* * *

Сүйүүнү үшүйт, ыйлайт, кайгырат, кубанат десе болот. Аны кайгыртып, кубанткан айланасындагы адамдар жана өздөрү жашап жаткан коом десек болот.


* * *

Бир кишинин муңдуу үнү бүт дүйнөнү солкулдатат. Демек анын жүрөгүндө бүт дүйнөнү солкулдата турган кайгы болгон.


Сүйүүдө кечиримдүү жана кечиримсиз нерселер болот. Кечиримсиз нерсени жасоо ал – чыккынчылык. Ал арманга айланат жана жүрөктү жаралайт.


* * *

Сүйүүдө бейадеп жагымсыз нерсени жасоо жаман. Ал көңүлгө кир калтырып кетпей жатканы арман.

Страница 29