Размер шрифта
-
+

Адамдын Асыл ойлору - стр. 22


* * *

Балаңды жакшы тарбияласаң, анын келечегинен жаадыраган күндү жана өзүңдү көрө ласың.


***

Бешик терметип турган аялдан:


– Баарынан эмне түбөлүктүү? – деп сурадым.

Ал айтты:


– Бала менен бешик.


* * *


Жакшы чыгарма узак өмүрдүн улуу элесин берет. Ал деле

тер агызган улуу эмгектен жаралган.


* * *


Балаң менен жан дүйнөңдү ачып аңгемелешсең, анын жан дүйнөсүнүн ички сыры терезе сыяктуу ачылып сага көрүнөт.


* * *

Эки атчан аңгемелешип отуруп тоодогу конушка кандай жеткенин билбей калышыптыр. Эки жаш сүйүшүп баш кошушту эле, экөө катар жүрүп отуруп, карылыкка абышка- кемпир болуп кандай жеткенин билбей калышыптыр.


* * *


Бүгүн биздин айылда бир бала төрөлүп, бир адам каза болду.

Бул дүйнөлүк деле жаңылык эмес. Бирок кичинекей айыл үчүн чоң эле жаңылык болгон.


* * *

Күн алыстан караганда жылуулук чачкан кичинекей эле нерсе, болуп көрүнөт. Бирок анын ааламга нур тараткан улуулугу улуу.

* * *

Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерселерди үйрөнөт окшойм. Ар бир нерсени үйрөнүп билип, тааныш үчүн төрөлгөн окшойм.


* * *

Тынымсыз изденүү болгон жерде жашоо жаңылыкка умтулат, өмүрдүн өзү деле жаңылыкка умтулуудан турат.


* * *

Ар бир кылым өчүп калбас үчүн өзүнүн каарманын жаратып жүрүп отурат. Каармандын өлбөс иши кийинки муун үчүн үлгү жана түбөлүк унутулгус жарык.


* * *

Өмүр бою ыр жазып келип, аны чыгара албаган акынды аяп турам. Жакшы ырды чыгара албаган элди аяп турам.


* * *

Көп ачууланба, анын уусу жүрөгүнө сиңип кетсе, аны кетире албай азаптанасың.


* * *

Адамдар бирөөнүн – бирөөгө жасаган адилетсиздигин көрүп туруп унчукпай коюшту, ошонун өзү– адилетсиздик.


* * *

Күйгөн оттун табына аз эле адамдар жылынат, акылмандар жазган учкул сөздөрдүн отуна миңдеген адамдар жылынат.


* * *

Кур мактоо уйгу-туйгу соккон шамалга окшошкон.


* * *

Чындык үчүн он миң кишини артыңан ээрчитип чыксаң, ал дагы баатырдыкка тете.


* * *

Баатыр элин коргойт, эли баатырын коргойт, же бири-бирине чеп. Чек арадагы чепти баарылап коргойт.


* * *

Жалкоо адам алсыз, ошонусу менен армандуу.


* * *

Мааниси жок жалган иштер маанисиз эпилог менен аяктайт.


* * *

Сен төрөлгөндө ыйлап бул дүйнөгө жалгыз келгенсиң, эми сен өлгөндө көп адамдар кайгырып ыйлап жатса, анда сен бактылуусуң, себеби сенсиз жашоо аларга оор болуп жатат жана аларга сен керексиң.

* * *

Өмүрүңү бекер өткөргөн жылдар жок жылдар. Анткени ал жылдардан эч бир элес калбай актай калган.


* * *

Мектепте окуп жүргөндө китеп окуу, жазуу, ырдоо,

сүйлөө жолдорун үйрөнгөм, мектепти бүтүп кеткенден кийин, курсакты кагдай тойгузуу амалдарын, кантип акча топтоонун жолдорун изилдеп үйрөнүп жатам.

Страница 22